Биз менен байланышыңыз

Президент 15 чакты мамлекеттик пансионат 49 жылга ижарага берилерин айтып чыкты

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 304 | 0

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн айлана тегерегиндеги 15 чакты мамлекеттик же мамлекеттик мекемелерге таандык пансионаттарды 49 жылга ижарага бериле турганын айтты. Бул тууралуу президент Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

«Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. «Инвестиция салам, мен алам» деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте салган инвестициянарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. «Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар» деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Эмне деген иштерди жасап жатканыбызга күбө болуп атасыңар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Баарын эсептеп чыктык. Ошондуктан салбайбыз» — деп билдирген Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал кызыккан тараптар болсо мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылса болорун, негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керектигин белгилеп өткөн.

Талап боюнча 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер ж.б салынышы керек. «Акчаң болсо эки жылда кычыраган пансионат кылсаң болот. 49 жылга алдым деп 5-10 жыл эч нерсе салбай басып жата берген жарабайт. Субарендага уруксат жок. Калган маалыматтарды мамлекеттик мүлк фондусунан аласыздар», — деп сөзүн жыйынтыктаган президент.

Буга чейин социалдык тармактарда Ысык-Көлдө кароосуз калган же эскилиги жеткен пансионаттардын видеолору жарыяланган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM