Биз менен байланышыңыз

Чүйдө ондогон имарат жана ишканаларды мыйзамсыз менчиктештирген экс-чиновник кармалды

Кыска кабар | 28 Авг 2023 | 1992 | 0

УКМК Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча кармады.

Маалыматта айтылгандай,Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап турганда, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайда алуу максатында кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон.  Ал кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, башка компаниялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен мамлекеттик сатып алууларга катышып, аффилирленген компанияларга жеңиштерди ыйгарган.

Муну менен бирге, Ш.Н.Ш. кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында, айыл өкмөтүн башкарып турганда, башка фигуранттарга каттоо менен, бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алган. Алар, 20 жер тилкеси, 29 авто унаа, 6 турак үй, батирлер — 31,  өндүрүштүк цехтер — 5, бетон заводу — 1, соода борбору — 1, спорт комплекси — 1, кум жана шагыл композициялары чыгаруучу карьер — 1, техникалык тейлөө станциялары — 1, унаа токтотуучу жайлар — 3, сарайлар — 3 жана 6 ресторан. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, аталган мүлктүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан.

2023-жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Ш.Н.Ш. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Ш.Н.Ш.га жана коррупцияга тиешеси бар адамдар тарабынан жасалган башка мыйзамсыз фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM