Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн

Кыска кабар | 28 Авг 2023 | 680 | 0

28-29-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ билдиргендей, Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 28-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык
кызматтардын ишин жана жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM