Биз менен байланышыңыз

Чу дарыясындагы суу көтөрүлүп Көк-Мойнок-1 айылындагы үйлөргө коркунуч жаратууда

Кыска кабар | 28 Авг 2023 | 352 | 0

Ысык-Көл облусундагы Көк-Мойнок-1 айылындагы үйлөр Чу дарыясындагы суунун көбөйүүсүнөн улам суу каптоо коркунучунда турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылынан агып өтүүчү Чу дарыясындагы суу көтөрүлүп, жээкке жакын үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралган.

Учурда сууну ашырбоо үчүн Балыкчы суу чарбасынын адистери жана куткаруучулар ишке тартылып, жээкке грунт төгүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM