Биз менен байланышыңыз

Данияда Куранды өрттөөгө тыюу салынат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2023 | 373 | 0

Дания өкмөтү коомдук жайларда Куран жана башка диний ыйык деп эсептелген китептерди өрттөөгө тыюу салган мыйзам чыгарат. Мыйзам долбоорун өкмөт сунуштап, парламентке киргизет. Бул тууралуу Даниянын юстиция министри Питер Хуммелгорд маалымдады.

Анын айтымында ыйык китептерди өрттөнүн негизги максаты коомдун арасында жек көрүүнү күчөтүп, чагым уюштуруу болуп саналат. Мындан улам, өкмөт Куран сыяктуу ыйык китептерди өрттөөнү кылмыш деп таанып, жаңы мыйзамды өлкөнүн байрагын өрттөөгө тыюу салуу мыйзамы менен бириктирет.

«Мыйзам Куран жана Инжилди коомдук жайларда өрттөөгө тыюу салып, жоопкерчиликти күчөтөт», — деп кошумчалаган министр.

Буга чейин Швеция жана Данияда бир нече ирет Куран китебин өрттөгөн учурлар катталган. Бул мусулман өлкөлөрүндө катуу нааразычылык жараткан. Бирок сот муну «сөз жана пикир эркиндиги» деп сыпаттап, тыюу сала турган мыйзам жок экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM