Биз менен байланышыңыз

«Үмүт-Надежда» реблитациялык борборунун негиздөөчүсү Карла-Мария Шелике каза болду

Кыска кабар | 27 Авг 2023 | 467 | 0

«Үмүт-Надежда» реблитациялык борборунун негиздөөчүчү Карла-Мария Шелике 80 жашында ааламдан өттү. Ал Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реаблитациялык борборду алгачкылардан болуп ачып, жетектер келген.

Карла-Мария-Шелике 80 жашында 25-август күнү Германияда өз үйүндө көз жумган. Бул тууралуу анын жакындары билдирген.

«Үмүт-Надежда» реблитациялык борбору 1989-жылы Бишкекте ачылган. Анда миңдеген мүмкүнчүлүгү чектелген балдар физикалык жана психологиялык колдоо алып, ден соолугун чыңдаган. Карла-Мария Шелике бул балдар борборун өтө берилүү менен жетектеп келген.

Карла-Мария Шелике 1943-жылы Германиянын Дрезден шаарында туулган. Ал мектепти жана жогорку билимин Германияда алып, 1978-жылы турмушка чыгып, Кыргызстанга келген. 1989-1992-жылдары Эне жана баланы коргоо борборун жетектеген. Ошол жылдары «Үмүт-Надежда» реаблитациялык борбору да ачылган. Ал Германиянын жана Кыргызстандын бир катар мамлекеттик сыйлыктарына ээ болгон. 2011-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаева аны «Данакер» ордени менен сыйлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM