Биз менен байланышыңыз

Театрлардын гастролдорго чыгуусуна атайын каражат бөлүнөт

Кыска кабар | 27 Авг 2023 | 118 | 0

Мамлекет тарабынан маданият жаатына бөлүнгөн 673 млн сом каражаттан театр оюн-зоок мекемелерине спектакль коюуга жана гастролдорго чыгууга да атайын акча бөлүнөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда,

— Абдылас Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук опера жана балет театрына;

— Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына;

— Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына;

— Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына;

— Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркине;

— Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрына;

— “Учур” мамлекеттик театрына;

— Муза Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына;

— Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына;

— Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына;

— Бабур атындагы Ош облустук өзбек музыкалык драма театрына;

— Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясына;

— Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясына;

— Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрына;

— Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрына;

— Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрына;

— Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрына;

— Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына;

— Надырбек Шаамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрына;

— Токтосун Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрына;

— Калык Акыев атындагы Жумгал музыкалык драма театрына;

— Кочкор музыкалык драма театрына;

— Кыргыз улуттук Манас театрына;

— Чүй камералык оркестрине бөлүнөт.

Министрлик тарабынан ар бир театр оюн-зоок мекеменин алдына, коомчулукка мекенчилдик таалим-тарбия берүүчү, руханий-эстетикалык ырахат тартуулоого багытталган жаңы импровизацияны камтыган спектаклдерди (драма, классикалык опера жана балет спектаклдери ж.б.) сахналаштыруу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган жаңы спектаклдерди иштеп чыгуу, жаңы концерттик программаларды алып чыгуу, жеткинчектердин жана өспүрүмдөрдүн жан дүйнөсүнө ылайык заманбап спектаклдерди, программаларды көбөйтүү, жаштардын спорттук оюндарга кызыгуусун арттыруу жана мекенчилдикке (патриоттук) тарбиялоочу жаңы цирк коюмдарын сахналаштыруу жана курч сатираларды иштеп чыгуу ж.б. тапшырмалар коюлууда.

Эске салсак, өлкө бюджетинен маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн 515 миң сом каражат бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM