Биз менен байланышыңыз

Казакстанда өткөн эл аралык айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды

Кыска кабар | 27 Авг 2023 | 426 | 0

Казакстандын Батыш Казакстан облусунун Таскала районунун 90 жылдыгына арналган «Тамыры терең Таскала» аттуу Эл аралык айтышта Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны, Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Таланттуу жаш акын Арген Биймырза уулу Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Элмирбек Иманалиевдин акындык өнөр мектебинде тарбияланган, анын шакирттеринин бири. Учурда ал Кыргыз улуттук «Манас» театрында эмгектенет.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата 30-31-август күндөрү Ош шаарында Эл аралык айтыш өтөт. Ага 4 мамлекеттин төкмөлөрү катышат. Байге фонду 3 млн. сом

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM