Биз менен байланышыңыз

Хабаровскто полициянын огунан жараат алган кыргызстандыктын абалы оор

Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 154 | 0

Орусиянын Хабаровск шаарында полициянын огунан оор жараат алган кыргызстандык жаран тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, 24-августта Хабаровск шаарындагы автовокзалда полициянын рейди жүргөн. Анда полициянын текшерүүсүнөн качкан 2003-жылы туулган Кыргызстандын жараны машинасы менен укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп алган.

«С.Р. аттуу кыргызстандык жарандын мыйзамсыз иш-аракетин токтотуу үчүн ага курал колдонулган. Натыйжада ал жаранга ок тийген. Учурда С.Р. оор абалда ооруканада жатат. Бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө коркунуч жаратуу) менен кылмыш ишин козгоду. Аны камакка алууга байланыштуу баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилип жатат. Элчилик жана Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу керектүү консулдук-укуктук жардам берүү үчүн анын туугандары менен байланышты»,- деп жазылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM