Биз менен байланышыңыз

«Бишкекбашкыархитектура» ишканасы жаңыланган транспорт системасын сунуштады

Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 195 | 0

«Бишкекбашкыархитектура» ишканасы жаңыланган транспорт системасын сунуштады.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттор үчүн өзүнчө тилке уюштуруу маселелери талкууланды. Ошентип, биринчи этапта А.Токомбаев көчөсү Н.Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин эки багытта жана Ж. Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрү менен Жибек Жолу проспектисинен А. Токомбаев көчөсүнө чейин коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилкени уюштуруу пландаштырылууда.

Мында мүмкүнчүлүк болсо кесилиштер кеңейтилет жана бул көчөлөрдө жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулат.
Бул чаралар кыймылдын ылдамдыгын тездетүүгө жана түштүк райондордон Бишкек шаарынын борборуна чейин коомдук транспорттун өтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.
Мында жеңил унаалар үчүн Ж.Пудовкин көчөсү Т. Кулатов көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсүнө чейин солго бурулууга тыюу салуу менен түндүктөн түштүк багытка бир тилке менен өтүүнүн альтернативдүү варианты сунушталаарын белгилейбиз.

Мындан ары коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилкеси бар борбордук көчөлөрдүн санын көбөйтүү пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM