Биз менен байланышыңыз

Үч өлкөнүн министрлери суу жана энергетика маселесин талкуулады

Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 156 | 0

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери региондогу маанилүү маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы тапта Казакстандын борбору Астана шаарында үч өлкөнүн энергетика министрлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Анда аймактагы суу-энергетикалык маселелер жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө коңшулар менен трансчегаралык гидроэнергетикалык ири долбоорлор, «Камбар-Ата-1» ГЭСи жана алдыдагы күз-кыш мемзгилине карата электр энергиясын жеткирүү маселелери тууралуу сөз болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM