Биз менен байланышыңыз

Саида Мирзиёева президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 314 | 0

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кызык Саида Мирзиёева атасынын жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мирзиёевдин басма сөз катчысы Шерзод Асадов маалымдаган.

38 жаштагы Саида өткөн жылы Президент админстрациясынын коммуникациялар жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Ага чейин массмедиа боюнча фондду жетектеп, бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Ошондой эле Өзбекстандын атынан бир катар абройлуу саммиттерге да катышып келет.

Саида Мирзиёева Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетин аяктаган. Ошондой эле Ташкент мамлекеттик юридикалык унимерситети жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик унверситетинен магистрдик билим алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM