Биз менен байланышыңыз

Райондук маданият үйлөрүнө музыкалык жабдуу алынат

Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 161 | 0

40 райондук маданият үйлөрүнө заман талабына ылайык музыкалык жабдуулар алынат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

«Мындай кадам, аймактагы маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртууга, жандуу үн менен ырдоого жана жогорку деңгээлдеги сапаттуу иш- чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, мамлекеттин эсебинен бардык райондук маданият үйлөрүнө бирдей, сапаттуу музыкалык жабдууларды алууга акча каражаты бөлүнгөн эмес, — деп кошумчалайт министрлик.

Эске салсак, маданият, искусство, спорт жана жаштар саясаты тармагынын потенциалын өнүктүрүү үчүн бюджеттен маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн 515 миң сом бюджеттик каражат бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM