«Акылман» президенттик лицейи так илимдерди англис тилинде, гуманитардык сабактарды кыргыз тилинде окутат. Бул тууралуу жаңы ачылган лицейдин директору Эмил Рыскулов билдирди.
Анын айтымында, президенттик лицейдин окуучулары үчүн заманбап шарттагы жатакана, 4 маал ысык тамак уюштурулат.
Билим берүү англис жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлүп, 10-11-класста кесиптик багыт бериле баштайт. Ошондой эле, TOEFL, IELTS тесттерине да даярдоого өзгөчө көңүл бурулат.
Президенттик лицейдин мугалимдери да, окуучулары да атайын конкурстун негизинде тандалды.