Биз менен байланышыңыз

Эмдөө кутурма оорусунун жугуусунун алдын алат

Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 74 | 0

Кутурма – бул вакцина менен башкарылуучу зооноздук вирустук оору. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Кутурма вирусунун адамдарга жугушу дээрлик 99% учурда үй иттеринен болот. Ошол эле учурда кутурма үй жаныбарларын гана эмес, жапайы жаныбарларды да жабыркатышы мүмкүн.
Инфекция адамга жана жаныбарларга тиштеп же тытып алганда, көбүнчө шилекей аркылуу жугат.
Эгер сизди белгисиз ит тиштеп алган болсо:
— чаккан жерди дароо самын менен жуу;
— андан кийин тез арада жакынкы тез жардам бөлүмүнө кайрылуу керек же тез жардам кызматын чакыруу керек;
— дарыгер белгилеген эмдөө курсунан өтүү зарыл.

Дарыгер тиешелүү адистерге жөнөтөт, дарылоо курсу тиштелген жердин мүнөзүнө жана бейтаптын абалынын оордугуна жараша жекече тандалат. Эмдөө акысыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM