Биз менен байланышыңыз

Панфилов жана Ысык-Көл райондоруна жаңы аким дайындалды

Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 99 | 0

Панфилов жана Ысык-Көл райондоруна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент кол койгон тескемеге ылайык, Масаидов Бекмаат Юлдашович Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Ал эми ушундай эле тескеменин негизинде Жапарбек Ормонов Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими болуп дайындалды

Буга чейин Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM