Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор адам укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 208 | 0

Бүгүн, 25-августта башкы прокурор Курманкул Зулушев Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Матильда Богнер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик институттар тарабынан адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча алып барып жаткан ишмердүүлүгү, эл аралык ченемдердин, милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу жана башка маселелер талкууга алынды.

Өз кезегинде, башкы прокурор өлкөдө адам укуктарын коргоону камсыз кылуу, адамдын баалуулугун жогорулатуу, өзгөчө жашы жете электердин, аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле, Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктарына ылайык, эл аралык укуктук кызматташуу жаатында кылмышкерлерди берүү (экстрадиция), соттолгон адамдарды которуу маселелери тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыктыгында, демократиялык мамлекеттин укуктук негиздерин бекемдөө чөйрөсүндө БУУнун институттары менен кызматташууну мындан ары системдүү негизде активдештирүүнү жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууну улантуу боюнча өз даярдыгын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM