Connect with us

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн айдоочуларга ысык тамак берилди

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 206 | 0

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасында кыйын абалда калган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын колдоо акциясын өткөрдү.

Бул демилгенин алкагында «Ак-Тилек-авто жол» контролдук-өткөрмө пунктунун алдында фуралар топтолгон жерде 300дөн ашык  айдоочу ысык тамак жана ичүүчү суу менен камсыздалды.

, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө: медициналык, психологиялык, кеңеш берүүчү жана башка, ошондой эле ысык тамак уюштурулган.

20-августтан баштап “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM