Биз менен байланышыңыз

Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? (тизме)

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 861 | 0

Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата Бишкекте бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

31-августта кечки саат 19.00 до борбордук «Ала-Тоо» аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык концерт өткөрүлөт.

ЛЕНИН РАЙОНУ

Саат 10:00дө «Ак-Өргө», «Арча-Бешик» жаңы конуштарында, Ю. Фучик атындагы сейил багында — аркан тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шашки түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

ОКТЯБРЬ РАЙОНУ

Саат 10:00дө «Ден-соолук» сейил багында кичи-футбол, волейбол, балдардын жеңил атлетикасы, стритбол, эстафета, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш, тогуз коргоол боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Д. Асанов атындагы паркында – эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.

Эгемендүүлүк күнүндө саат 18:00дө Дайыр Асанов атындагы сейил багында тамактардын, музыканын жана суусундуктардын FOODFEST 2023 фестивалы өтөт. Иш-чара Horeca Plus, «Coca-Cola Кыргызстан» тарабынан өткөрүлөт.

Саат 15:00дө Ынтымак-2 сейил багында кайрымдуулук жарманке өткөрүлөт (Хенд мейд, тасмаларды көргөзүү, толкинг клаб ж.б.)

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ

29-августта саат 10:00дө Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесинде театралдашкан «Кыргыз жерим асыл мурасым» концерттик программа уюштурулат;

31-август күнү (болжол менен саат 14:00)Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде кичи концерттик программанын коштоосунда балдар аянтчасынын ачылышы пландалууда;

Саат 12:00дө «Коломто» муниципалдык мекемесинде майрамдык түшкү тамак уюштурулат.

Саат 10:00дө «Калыс-Ордо», «Көлмө» жаңы конуштарында, Жаштар сейил багында ордо, шахмат, аркан тартыш, тогуз-коргоол, үстөл тенниси түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

СВЕРДЛОВ РАЙОНУ

30-август күнү саат 10:00дөн 13:00гө чейин “Каражыгач” сейил багында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Парктын аймагы шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнөт -маданият, көңүл ачуу оюн зооктору, ден-соолук жана спорт, чыгармачылык, тамак-аш зонасы, анда бир убакытта майрамдык жана көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт. Чыгармачылык зонасында асфальтка, мольбертке сүрөт тартуу боюнча ар кандай мастер-класстар уюштурулат.

31-август саат 10:00дө № 11 Орто мектептин базасында, «Каражыгач» багында, Энесай жаңы конушунда, «Учкун» кичи районунда тогуз коргоол, эстафета, аркан тартыш, ордо, таяк тартыш, кичи футбол, үстөл тенниси боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата билим берүү уюмдарында стенддер орнотулат, класстык сааттар өткөрүлөт. Балдардын чыгармачылык борборлорунда «Мекеним менин Кыргызстан!» деген темада концерттик программалар жана мастер-класстар өткөрүлөт.

Ошондой эле, Эгемендүүлүк күнгө карата иш-чаралардын алкагында мал союуга тыюу салуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM