Биз менен байланышыңыз

Түндүк-Түштүк унаа жолунун Арал-Казарман тилкеси убактылуу жабык

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 875 | 0

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымы убактылуу жабык. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымында 5000 м3 таш  көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды.

Эч кандай унаа кырсыгы каттал жок, түн ичинде калып калган 30-40 жаран чыгарылды.

Азыркы учурда  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар техниканын жардамы менен жолдорду ачып тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM