Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматкерлери Орусияда тамеки чыгаруучу жашыруун фабриканы жоюшту

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 242 | 0

Финансы министрлигине караштуу Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы КР УКМКнын 6-башкы башкармалыгы жана Орусиянын күч түзүмдөрү менен биргеликте жашыруун фабрикада контрафакттык тамеки даярдаган трансулуттук кылмыштуу топту аныктады. Иш атайын операциянын алкагында жүргүзүлдү.

Жеринде жасалма белорус акциздик маркалары менен 2,4 миллион даана «Dove, Корона, Мас, Kalipso» тамекилери, 8 тонна чийки тамеки жана даяр тамеки буюмдарын таңгактоо үчүн басма продукциялары алынган. Контрафакттык продукцияны Орусиянын Краснодар аймагына, Москва жана Ростов облустарынын базарларында жана соода түйүндөрүндө сатуу пландаштырылган.

Операция жүргүзүү учурунда жашыруун цехте Тажикстан менен Өзбекстандын 12 жараны иштесе, алардын 10у мыйзамсыз мигранттар болуп чыккан. Уюштуруучу менен анын шериги боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM