Биз менен байланышыңыз

1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар ID паспорт менен Өзбекстанга өтө алат

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 384 | 0

1-сентябрдан баштап кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышы башталат.

Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM