Биз менен байланышыңыз

Арменияда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйыны болду

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 202 | 0

Кечээ, 24-августта Армениянын Цахкадзор шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.

Отурумга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Армения, Беларусь, Казакстан, Орусиянын өкмөт башчылары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилдеги стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана маанилүү багыттары жөнүндө декларациянын долбоору боюнча пикир алмашты.

Акылбек Жапаров интеграциялык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун жана ЕЭКке зарыл ыйгарым укуктарды берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кезексиз жыйындын жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине Санкт-Петербург декларациясынын долбоорун Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы отурумунда акыркы вариантын кароо максатында иштеп чыгууну тапшырышты, ал жыйын 2023-жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM