Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди карактоо жолу менен акча талап кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 100 | 0

Бир нече жолу соттолуп, ишкерлерди карактоо жолу менен акча каражатын талап кылган жаран кармалды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ишкерди карактоого шектелген жаран кармалды. Июнь айынын аягында Бишкек шаарынын аймагында белгисиз адамдар отуз эки жаштагы ишкердин денесине залал келтирип, аны коркутуп 150 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле өздүгүн тастыктаган документтерди ээлеп алышкан.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү адамдар ишкерге мурда дагы барышып, май айында арыздануучуну Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен күч колдонуп автоунаага салып, шаардын сыртына алып чыгып, сабап, физикалык зомбулук менен коркутуп акча талап кылышкан.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан Ош базарынын аймагынан кылмышка шектүүлөрдүн бири Жалал-Абад облусунда туулган, мурда үч жолу соттолгон, криминалдык авторитеттер менен тыгыз байланышта болгон 1995-жылы туулган Ш.К өздүгү такталып, кармалган.
Мындан тышкары, жогоруда кармалган жаран дагы бир башка кылмышка дагы шектелүүдө. 21-июль күнү борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда, ушул эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдаманын жанынан белгисиз жарандар чөнтөк уурулук кылганын билдирген. Кол салгандар “iPhone” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип, бир нече жолу соттолгон 1995-жылы туулган Ш.К.нын тиешеси бар экендиги аныкталган. Уурдалган уюлдук телефон шектүүдөн алынып, мыйзамдуу ээсине кайтарылган.

Учурда кылмышка шектүү жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM