Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда интенсивдүү бактардын аянты 2600 гектар

Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 213 | 0

Бүгүн, 24-августта Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү интенсивдүү багбанчылык ыкмасына өтүү боюнча семинар уюштурду.

Семинарга Айыл чарба министрлигинин адистери,  Өзбекстан, Казакстан, Молдова өлкөлөрүнүн багбан ишкерлери, “Догал” компаниясынын өкүлдөрү жана республиканын бардык облустарынан багбан, дыйкандар келип катышты.

Анда интенсивдүү багбанчылык ыкмасын жайылтуу, чыгымы жана экономикалык кирешенин көрсөткүчтөрү, ошондой эле климаттык кырдаалга байланыштуу эрте жаздагы үшүккө туруштук берген, илдеттерге жана зыянкечтерге  каршы “Догал” компаниясынын препараттары дыйкан, фермерлерге сунушталды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 53 миң гектарга бак отургузулган болсо, анын 2600 гектары интенсивдүү багбанчылык болуп саналат жана бул багытка ыктаган багбандардын саны күн санап өсүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM