Биз менен байланышыңыз

Аттестат чыры: 84 бүтүрүүчүнүн ата-энеси Акыйкатчыга кайрылды

Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 195 | 0

Токмоктогу “Ай-КьЮ” окуу-тарбия комплексинин 84 бүтүрүүчүнүн ата-энелери жана мектеп жетекчилиги аттестат чырынан улам Акыйкатчыга кайрылды.

Акыйткатчы институту билдиргендей, аттестаттары кеч берилген бүтүрүүчүлөр ЖРТнын жыйынтыгы боюнча окууга өткөн ЖОЖдорго кабыл алынбай жатат. Буга алар аттестатты кеч алып, ЖРТ боюнча окууга тапшыруунун жыйынтыгы чыккан убакта документ тапшырбаганы себеп болууда.

Мындан улам, ата-энелер жана мектеп жетекчилиги балдардын укугун коргоп берүүнү талап кылууда. Акыйткатчы институту азыркы тапта Билим берүү министрлигине бул маселе боюнча расмий кайрылды, — деп айтылат маалыматта.

Токмок шаарындагы жеке менчик IQ окуу тарбия комплексинде 2022-2023-окуу жылында 84 бүтүрүүчү аттестат ала электиги буга чейин коомдо кызуу талкууну жараткан. Себеби жеке мектептин сырттан окууга лицензиясы болгон эмес деген жүйөө келтирилген. Кийин 2-августта өкмөт башчынын тапшырмасы менен 84 бүтүрүүчүгө аттестат берилген. Тилекке каршы, ал убакта ЖОЖдорго тапшыруунун үчүнчү айлампасы башталган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM