Биз менен байланышыңыз

ИИМге АКШ өкмөтү 26 ноутбук жана бир катар техникаларды белек кылды

Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 233 | 0

Ички иштер министрлигине АКШ өкмөтү 26 ноутбук жана башка жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабдыктарды тапшыруу аземине элчиликтин аймактык коопсуздук кызматкери Марк Ричардсон жана Ички иштер министрлигинин Финансылык жана экономикалык калсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Балманов катышты.

Бул жаңы ноутбуктар 31-июлдан 4-августка чейин Социалдык тармактарды иликтөө курсунда колдонулган, анда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген 12 укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлери социалдык тармактарда террористтик аракеттерди аныктоо, болтурбоо жана алдын алуу боюнча билим алышкан.

«ИИМ кызматкерлери үчүн социалдык тармактарды иликтөө курсунда террористтер жана террористтик уюмдар өз аракеттери үчүн, анын ичинде жалдоо, пропаганданы жайылтуу жана иш-аракеттерди координациялоо үчүн социалдык медианы кантип колдонору тууралуу билим алышты»- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, катышуучулар социалдык медианы иликтөөдө колдонула турган глобалдык жеткиликтүү программалык камсыздоо менен тааныштырылган.

Социалдык тармактарды иликтөө – август айында Кыргызстанда өткөн эки курстун бири. АКШнын Мамлекеттик департаментинин антитеррордук жардам долбоору ошондой эле жергиликтүү укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлери үчүн “Санариптик криминалистикалык иликтөөлөргө киришүү” курсун уюштурган.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM