Биз менен байланышыңыз

Пригожин менен кошо «Вагнердин» бир катар командирлери да каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 1292 | 0

Орусиянын Тверь облусунда «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин түшкөн учак кыйрап, ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары каза тапты.

Росавиация Пригожин жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун билдирди. Ошондой эле, учакта «Вагнердин» командирлеринин бири Дмитрий Уткин да болгону айтылууда.

Пригожин менен Уткинден башка, «Вагнердин» командирлери болгон Сергей Пропустин, Евгений Маркарян, Александр Тотьмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев да ошол учакта экени белгилүү болду.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык жеринен 10 адамдын сөөгү табылганын, бирок алар катуу күйүп калгандыктан таанылган эмес,  — деп билдирди.

Ал эми Пригожиндин учагы атып түшүрүлгөнбү? -деген суроого азырынча расмий жооп бериле элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM