Биз менен байланышыңыз

Айдоочулук күбөлүк алуудагы экзаменге жашыруун камера менен киргендер аныкталды

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 150 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери теориялык экзамен тапшыруу учурунда мыйзамсыз аракеттердин фактысын аныктады.

Бүгүн, 23-августта «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Чыгыш секторунун сынактык классында  теориялык сынак тапшыруу учурунда көйнөгүнүн ичине бекитилген мини-камера, кулакчын, электрондук кол саат жана уюлдук телефон колдонгон “ВСД” автомектебинин бүтүрүүчүсү кармалды.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берилди.

«Унаа» мамлекеттик мекемеси жарандарды жол эрежесин билүүгө сынак тапшырууда өз билимине ишенүүгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM