Биз менен байланышыңыз

Ошто мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 130 | 0

Бүгүн Ош билим берүү институту тарабынан облустагы педагогикалык кызматкерлердин жана билим берүү системасынын жетекчилеринин август кеңешмеси өткөрүлдү.

«Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр» темасындагы кеңешме райондордогу билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин, ошондой эле билим берүү тармагы менен тыгыз иш алып барган окуу борборлору менен түрдүү долбоорлордун көргөзмөсү менен башталды.

Кеңешменин жүрүшүндө облустагы билим берүү жаатындагы иш-аракеттер жана алардын натыйжалары боюнча видеоролик көрсөтүлүп, артынан Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева, Билим, илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин төрагасы Сабырбек Тойгонбаев, райондун акимдери, ардагер мугалимдер, жогорку окуу жайдын жетекчилери жана башкалар сөз сүйлөдү. Сөзгө чыккандар өткөн окуу жылындагы ийгиликтерди улантып, алдыга так милдеттерди коюп, мындан да жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн жигердүү иш аракеттерди  жүргүзүү абзел экендигин баса белгилешти.

Аталган иш чарада билим берүү тармагында үзүрлүү иш алып барган кызматкерлерге “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы, ардак грамоталар, эс алуу үчүн жолдомолор, акчалай ж.б.у.с. баалуу белектерди тапшырылды. Аягында кеңешменин резолюциясы кабыл алынып, концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM