Биз менен байланышыңыз

ТИМ Алматыда кармалган кыргыз ишкери тууралуу билдирүү таратты

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 99 | 0

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин Казакстанда кармалышы жана аны камакка алуу боюнча билдирүү таратты.

«Аталган жаран кармалган учурдан тартып министрлик жана элчилик тарабынан Казакстанда кармалган М.Э.Кнын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз жаранына карата кылмыш ишин ар тараптуу, объективдүү иликтөө жана кароо, ошондой эле консулдук коргоо жаатында эл аралык укуктун ченемдерин сактоону камсыз кылуу өтүнүчү менен Министрликтин ноталары казак тарапка 2023-жылдын 5 жана 27-июнунда жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жаранынын кармалышы 7-июнда Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери аралык консулдук кеңештеринде талкууланган.

29-июнда Алматы шаарында кармалган М.Э.Кнын иши боюнча маалымат жыйынына Кыргызстандын Башкы консулу адвокаттар менен биргеликте катышкан.

Консулдук кызматкер 4-июлда тергөө абагында М.Э.К. менен жолугуп, анын кармоо шарттары жана ден-соолугунун абалы менен таанышкан.

17-августта консулдук кызматкер айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчүн кароо боюнча соттук отурумга катышкан. Өз кезегинде, М.Э.Кнын укуктарын коргоону эки адвокат башкы консулдук менен биргеликте ишке ашырууда.

Министрлик жана Башкы консулдук эл аралык укуктун жана Казакстандын мыйзамдарынын алкагында, кыргыз жараны М.Э.Кнын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүдө, — деп кошумчалаган ТИМ.

Белгилей кетсек, кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин Алматыдагы базарлардын бирине ээлик кылары айтылып келет. Ал жакында казак күч органдары тарабынан наркотикалык зат менен кармалганы айтылып, жакындары муну жасалма күнөө тагуу деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM