Биз менен байланышыңыз

«Фонтан» пансионатын алдамчылык жолу менен алуу фактысы тергелүүдө

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 199 | 0

УКМК мурда келтирилген коррупциялык схемаларга каршы иш-чаралардын алкагында, Ш.Д. аттуу жарандын жана башка адамдардын «Фонтан» пансионатын алуудагы алдамчылык фактысы боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Такталгандай, «Фонтан» пансионаты ири өлчөмдө салык карызы болгондуктан, О.Г. аттуу чыныгы ээсине билдиришип, алдоо жолу менен аны укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, бул пансионатты кайрадан талапкерлерге каттатууга мажбурлашып, ошол Ш.Д. жана башка адамдар тарабынан 2017-жылы жасалма шарттар түзүлгөндүгү аныкталды.

2021-жылдын январь айында бул ишке тиешелүү адамдар тарабынан, «Фонтан» пансионаты менен чектеш жер тилкелери жаран О.Г.нын мүлкүнөн чыгарылып, андан кийин анын макулдугусуз 290 525 долларга үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилген.

Ш.Д. аттуу жаранга карата чогултулган материалдардын негизинде, Каракол шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM