Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Айдоочулардын каталары жаш балдардын өлүмүнүн башкы себеби болууда

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 191 | 0

Айдоочулардын жолдо кетирген каталары жашы жете элек жүргүнчү балдардын өлүмүнүн башкы себеби болууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жашы жете элек балдардын катышуусундагы жол кырсыктарды талдоо көрсөткөндөй, жол кырсыктарынын эң көп кездешкен себептери айдоочулардын каршы тилкеге чыгуусу жана ылдамдыктан ашып кетүүсү болгон. Жүргүнчү балдар жөө жүргүнчүлөргө караганда көп каза болушат,  — деп айтылат маалыматта.

 Жыл башынан бери республика боюнча балдардын катышуусу менен жалпысынан 900дөн ашык жол кырсыгы катталып, анда 40тан ашуун бала каза болуп, 1000ден ашуун бала ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан.

Жыл башынан бери жол кырсыгынан курман болгон жаш өспүрүмдөрдүн санынын 53%ын унаа ичинде жүргүнчү катары бара жаткан жаш өспүрүмдөр түзөт.

 Жыл башынан бери өлкөдө жашы жете элек жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 416 жол кырсыгы катталган. Ар бир окуяда коопсуздук курлары жана балдарды коргоочу шаймандардын жоктугу же аларды колдонуу эрежелерин бузуу катталган. Анын кесепетинен 22 бала каза болуп, 500дөн ашуун бала жаракат алган.
 Балдардын коопсуздугу жөнүндө эскертүү
12 жашка чейинки балдарды унаада алып жүрүүдө төмөнкү учурларга тыюу салынат:
— мотоциклдин артында;
— борттук платформасы бар жүк ташуучу унаанын кузовунда;
— жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда, баланын боюна жана салмагына ылайык келген балдарды кармап туруучу атайын түзүлүш жок болгон учурда.
 Балдарды кармоочу түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды жайгаштыруу транспорт каражаттарын жана кармоочу түзүлүштөрдү эксплуатациялоо боюнча колдонмонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Унаа отургучтары жана балдарды кармап туруучу атайын түзүлүштөр балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM