Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу районунда эки кг баңгизат менен жаран кармалды

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 149 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 2 кг баңгизат менен жаран кармалды.

 2023-жылдын 15-август күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында, Ош шаарынын тургуну 44 жаштагы “К.И.” аттуу жарандын башкаруусундагы “Mersedes-Benz” үлгүсүндөгү автоунаага карата тинтүү жүргүзүлүп, алдыңкы жүргүнчү отурган орундун алдынан баштыкка оролгон 2 даана зат алынган.
 Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган наркотикалык зат “Гашиш” болуп чыккан. Анын салмагы 1 кг 936,7 граммды түзгөн.
 Кылмышка шектүүгө карата Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 282-берененин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
 2023-жылдын 18-август күнү баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка калтырылган. Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM