Биз менен байланышыңыз

Барскоондо 100 орундуу бала бакча ачылды

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 295 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал 100 балага ылайыкташкан. Ошондой эле мында жергиликтүү 19 адам жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, 10 миңге жакын жашоочусу бар Барскоон айылында буга чейин 1 бала бакча болгон. Жаңыдан курулган бул имарат эми бала бакча жетишсиздигин жоет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM