Биз менен байланышыңыз

Пакистанда асма жолдо калып кеткен окуучулар куткарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 313 | 0

Пакистандын түндүк-батышындагы капчыгайдын үстүнөн өткөн асма жолдо калып кеткен сегиз адам куткарылды.

Маалыматка ылайык, сегиз киши мектепке жеткирүүчү асма челекке отурган. Тилекке каршы, асма челектин бир тросту үзүлүп кетип, окуучулар жерден 274 метр бийиктикте калып кеткен.

Куткаруучулар төрт саатта келген. Ага чейин асма челек бир тростто гана илинип турган.

Окуя Аллай тоолуу аймагында болгон. Ал аймак тоолуу жерде жайгашып, айылдардын арасы да алыс. Ал эми окуучулар мектепке баруу үчүн көп учурда жергиликтүүлөр өздөрү курган асма жолдордон пайдаланалат. Кырсык болгон асма жолдон да күнүнө 150дөй адам пайдаланат. Окуучулар чыйыр жол менен жүрсө, мектепке эки саатта жетет. Ал эми асма челек аркылуу төрт мүнөттө жетип барса болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM