Биз менен байланышыңыз

ИИМдин Интерпол бюросу эл аралык издөөдө жүргөн бир катар жарандарды кармады

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 149 | 0

Ички иштер министрлигинин Интерпол Улуттук борбордук бюросу Түркиянын укук коргоо органдары менен биргеликте атайын операция өткөрдү.

Натыйжада, Бишкек шаарынын аймагынан 1979-жылы туулган О.Г. кармалган. Ал түрк полициясынын денесине оор залал келтирип, мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Түркиянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.

15-августта ИИМдин Интерпол УББнын кайрылуусунун негизинде, Казахстан Республикасынын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда кыргызстандын жараны 1991-жылы туулган М.у.Д. кармалган. Ал курал-жарак жана физикалык күч колдонуу менен адамдардын тобу тарабынан каракчылык кол салуу жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Кылмышкерлер Ж.К. жана К.М. аттуу жарандарга таандык 395 000 сом акча каражатын ээлеп алышкан.

Улуттук борбордук бюро Алматы шаарынын аэропортунан Кытайдын жараны 1978-жылы туулган С.Г. кармалып, ал Кыргызстанда мыйзамсыз ишкердик менен алектенип жүргөн. Ошондой эле ал 2008-жылы республиканын финансы полициясы тарабынан издөөгө жарыяланган. Ошол учурда мамлекетке келтирилген зыян 3 миллион сомдон ашкан.

Башкы прокуратура менен Интерполдун биргелешкен ишинин натыйжасында Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А., аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу, 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 000 000 АКШ доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM