Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Тойдон кайткан 11 киши Сырдарыяга чөгүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 430 | 0

Казакстандын Түркстан облусунун аймагындан агып өткөн Сырдарыяга 11 киши чөгүп кетти.

Каргашалуу окуя 21-август түнү болгон. Маалыматка ылайык, 20 кишиден турган топтун 11и сууга чөгүп кеткен. Алардын бешөө жашы жетелектер экени айтылды.

«Чөгүп кеткендердин баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү же туугандар болушу мүмкүн. Анткени фамилиялары окшош. Күбөлөрдүн айтымында, тойго барып кайткан туугандар сууга түшүү үчүн дарыянын жээгине токтошкон. Ал жерде жээк өтө тайгак жана дароо тереңдеп кеткен. Эс алууга токтогондордун бирөө сууга түшүп чөгө баштаган. Калганы аны куткаруу үчүн биринин артынан бири түшүп, 11и чөгүп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Учурда суудан сегиз кишинин сөөгү чыгарылып, калгандарын издөө уланып жатат.

Түркистан облусунун акимияты каза тапкандар эки бир тууган ага-ини жана алардын балдары экени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM