Биз менен байланышыңыз

Мектептерде бир китептин ижара акысы 25 сом деп бекитилди

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 296 | 0

Быйыл мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди. Өткөн жылы да ушул баа менен берилген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу китеби үчүн ижара акысын 2023-жылдын 31-декабрына чейин төлөө керек. Окуу китебинин ижара акысынын өлчөмү бир окуу китебинин баасы 125 сом болуп турганда белгиленген.

«Жаңы окуу жылында китептердин ижара акысын көтөрүү пландалган эмес. Келечекте окуу китептерине болгон баанын жогорулашы менен ижара акысынын өлчөмү жогорулатылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик быйылкы жылы төмөнкү китептерди басып чыгаруу пландалып жатканын кошумчалайт:

— башталгыч класстары үчүн “Мен жана дүйнө”, “Кыргыз тили”, “Адабий окуу”;

— 7-8-класстар үчүн “Адам жана коом” окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

“Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору бир катар басмалар тарабынан иштелип чыккан окуу китептерине экспертиза жүргүзүүдө.

Окуу китептери басылып чыккандан кийин электрондук версиялары Билим берүү жана илим министрлигинин Электрондук китепканасына жайгаштырылат. Министрлик жыл сайын окуу жылы башталгандан кийин окуу китептеринин жетишсиздигин аныктоо үчүн мектептердин окуу фондуна инвентаризация жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM