Биз менен байланышыңыз

Италиялык ырчы Тото Кутуньо каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 218 | 0

Италиялык ырчы Тото Кутуньо 80 жашында ааламдан өттү.

Ansa агенттигинин маалыматына караганда ырчы, композитор Миландагы Сан-Раффаэле ооруканасында көз жумду.

Ырчынын менежери Данило Манкузонун айтымында, Тото Кутуньо узак убакыттан бери ооруп жүргөн. Соңку айларда абалы бир топ начарлап кеткен.

Салваторе «Тото» Кутуньо 1943-жылы 7-июлда Тосканадагы Фоздиново шаарында туулган.

Ал өз ишмердүүлүгүн композитор катары баштап, 1970-жылдары анын чыгармаларын француз ырчысы Жо Дассен аткарып, белгилүү болгон.  Ал Адриано Челентано, Мирей Мате, Далида сыяктуу белгилүүлөргө жана «Ricchi e Poveri» тобуна да продюссерлик кылып, алар үчүн музыка жазып берип турган.

1970-жылдардын аягында ал өзүнүн жеке поп-карьерасын баштап, 1980-жылы Сан-Ремодогу кароо сынагында «Solo noi» ыры менен жеңүүчү болгон. Үч жылдан кийин «Lʼitaliano» композициясы менен конкурска катышып, бул ыры аны бүт дүйнөгө белгилүү кылган. 1990-жылы Кутуньо «Insieme: 1992» композициясы менен «Евровидение» конкурсунда жеңүүчү болгон.

kpa / United Archives / Getty Images

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM