Биз менен байланышыңыз

Айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 258 | 0

Бүгүн, 23 – август саат 09:30 — 15:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:
• Ташкөмүр к. –Ч. Айтматов пр. – Айни к. –Табалдиев көчөлөрү менен чектешкен;
• Ошондой эле: Айша бала бакчасы, №79 бала бакчасы, №69 гимназия, Республикалык кан борбору, Ч. Айтматов пр. №60, КМТУ (Политех).
Шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM