Биз менен байланышыңыз

ИИМдин ички иликтөөсү боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды

Кыска кабар | 22 Авг 2023 | 576 | 0

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы үч милиция кызматкери кармалды.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Тергөө кызматына жана Ички иликтөө кызматына Орусия жаранынын арызы боюнча чогулган материал келип түшкөн, анда милициянын белгисиз кызматкерлери жана «Д» аттуу кыз 2023-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде «гашиш» делген баңги каражаттарын ыргытып, коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 000 сом суммасында акча каражатын алышкандыгын билдирген.

Бул факт  ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, кылмыш иши козголгон.
Кечээ, 21-августта ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облустук ИИББнын кызматкерлери М.Ч., С.А. и А.А., кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM