Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө керектөө муктаждыктарына микрокредит алгандардын саны өстү

Кыска кабар | 22 Авг 2023 | 403 | 0

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында Кыргызстанда банктар тарабынан берилген микрокредиттердин дээрлик жарымы жарандардын керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди.

«Алты айда 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17% га көп. Мында алуучуларга 24 млрд. сомго жакын суммада же 35,5%га көп микрокредиттер берилди.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши боюнча алуучулардын басымдуу саны Ош (21%), Жалал-Абад облустарына (17%), ошондой эле Бишкек шаарына (16%га жакын) туура келди.

Микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, 25%дан ашыгы — айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%га жакыны — соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%дан ашыгы курулушка багытталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM