Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйгөн жок

Кыска кабар | 22 Авг 2023 | 291 | 0

Айыл чарба министрлиги Талас облусундагы Киров суу сактагычында 14,5 млн метр куб суу бар экенин билдирди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 92,1 млн. м3 аз.

«Киров суу сактагычынан 2023-жылдын 21-апрелинден тарта Казакстанга суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. м3, суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарды», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, 22-августка карата абал боюнча Киров суу сактагычынын көлөмү 14,5 млн.м3 түзөт, бул өткөн бүгүнкү күндө суунун келиши 0,7 м3/сек, суу көбөйгөн жок. 2022-жылы суунун келиши секундасына 13,7 куб метрди түзгөн болчу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM