Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн мектептеринде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” жана “Айчүрөк” уюмдары иштей баштайт

Кыска кабар | 22 Авг 2023 | 641 | 0

Чүй облусунун мектептеринде «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Айчүрөк» уюмдары түзүлдү. Бул тууралуу Президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Ал уюмдар Аламүдүн районундагы Иманалы Айдарбеков атындагы №1-Лебединовка мектеп-гимназиясында пилоттук этаптан ийгиликтүү өтүштү. Эми жаңы окуу жылынан баштап Чүй облусунун бардык мектептеринде иштей башташат.

Жобого ылайык, “Сейтек” уюмуна — окууда жана спортто өзгөчөлөнгөн кенже класстын окуучулары кошула алышат. “Семетей” — 5-8-класстын окуучуларына жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга үйрөтөт. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы, ошондой эле ар кандай чыгармачыл, спорттук-коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Жогорку класстын окуучулары үчүн “Манас” уюму лидерлик сапатты калыптандырат. Уюмдун миссиясы – жаштарды коомго активдүү катышууга жана укуктук жана демократиялык Кыргызстандын таянычы болууга даярдоо. «Манас», «Айчүрөк» уюмдарынын мүчөлөрү мектептин социалдык педагогдору, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен тыгыз кызматташып, окууда жана турмушта кыйынчылыктарга туш болгон окуучуларга жардам көрсөтүп, «Семетей», «Сейтек» уюмдарынын мүчөлөрүнө насаатчы болушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM