Биз менен байланышыңыз

Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча үч милиция кызматкери камалды

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 629 | 0

Ысык-Көлдүн Бостери айылына эс алууга келген Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун милиционерлери( К.У., Н.У., жана Э.А.) кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айып тагылды.

Шектүүлөр Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

«Жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Бекбол Аманкулов Бостери айылында 6-августка караган түнү көл жээгинде каза болгон. Маркумдун туугандары ал ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алган.

Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29-жаштагы Э.А. болуп чыккан.

Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM