Биз менен байланышыңыз

Климаттын таасиринен улам дүйнөдөгү океандардын жарымы жашыл болуп өзгөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 570 | 0

Спутниктен тартылган сүрөттөрдө дүйнөдөгү океандардын 56%ы соңку 20 жылда көк түстөн жашыл түскө өзгөргөнү байкалды. Бул өзгөрүүлөр экватор сызыгына жакын жайгашкан тропикалык аймактарда өтө так көрүнүп турат, — деп билдирди Euronews.

NASA агенттигинин Modis-Aqua жасалма интеллекти дүйнөдөгү океандардын жарымы көк түстөн жашылга бир канча баскыч менен өзгөргөнүн байкаган. Өңү өзгөргөн аянт Жердеги бардык кургак аянттан да көп.

Улуу Британиянын Саутхэмптон шаарындагы Улуттук океанография борборунун изилдөөсүнө ылайык, жашыл түс глобалдуу ысыктын айынан экисистеманын өзгөрүүсүнөн кабар бериши мүмкүн. Азырынча бул көрүнүштүн себептери так аныктала элек. Бирок «Климаттын өзгөрүүсү деңиздеги микроорганизмдерге да өз таасирин берип жатат», деп айтылат изилдөөдө.
Окумуштуулардын айтымында океандын өңүнүн өзгөрүү тенденциясын байкоо үчүн 40 жылдай убакыт керек болот. Океандын өңүнүн өзгөрүүсүн тереңдеп изилдөө үчүн NASA агенттиги 2024-жылдын январынан тарта Pace космикалык аппаратын учурууну пландаштырууда. Ал планктон, аэрозолдор булуттар жана океан экосистемасына байкоо салат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM