Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 205 миң майыптыгы бар адам жашайт

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 350 | 0

Кыргызстанда 205 миң майыптыгы бар адам жашайт, алардын 9 миңи угуусу начар адамдар. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев эл аралык форумда айтты.

Министрдин айтымында, жарым жылдан ашык убакыттын ичинде чоңдорго жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бардык төлөмдөр 50дөн 100%га чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле жеке ассистенттин кызматы үчүн төлөм көбөйтүлүп, аны былтыртан бери бала кезинен I топтогу майыптыгы бар чоңдор да ала алышат. Бүгүнкү күндө бул кызматты 13,7 миңден ашык чоңдор жана балдар пайдаланат. Психоневрологиялык пансионаттардагы тамак-аш үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлгөн.

«Иш менен камсыз кылуу кызматтары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кесипке үйрөтүүгө жана ишке орноштурууга активдүү көмөктөшөт. Кошумчалай кетсек, Социалдык контракт долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жакшыртууга жардам берет. Катышуучулар өздөрүнүн бизнес-долбоорлорунан киреше алуу менен 1,4 миңден ашык чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашаган үй-бүлөлөрүнүн турмушун жакшыртышат», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM