Биз менен байланышыңыз

Кыздар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык Рамина Цой калыс болуп иштеди

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 233 | 0

Кечээ күнү, 20-августа кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды, чемпионаттын жүрүшүндө калыстардын курамында кыргызстандык Рамина Цой иштеди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлады.

Финалдык оюнда Испания менен Англиянын курама командалары беттешишти. Испаниянын улуттук курама командасынын футболчулары атаандаштарын 1-0 эсебинде жеңип, дүйнө кубогунун ээси болду.

Бул дүйнөлүк биринчиликте Кыргызстандан ФИФА калыс жардамчысы Рамина Цой иштеп, турнирдин жүрүшүндө бир катар оюндарды тейледи. Турнирдин Испания-Коста-Рика тайпалык беттешинде Рамина Цой калыстын биринчи жардамчысы болду. Калыстар тобун австралиялык калыс Кейси Ребейт жетектеди, Си Лижун (Кытай) – анын экинчи жардамчысы болду. Резервдик арбитрдин милдетин Ким Южун (Түштүк Корея) аткарды.
Ошондой эле, Кытай – Англия оюнунда Цой Кейси Ребейтке жардам берди. Калыстын экинчи жардамчысы болуп Хеба Сади (Палестина) дайындалган, резервдик арбитр Маринеля Арая (Коста-Рика) болду. Ошону менен бирге, турнирдин эки оюнунда Цой резервде болгон.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште 28 жаштагы Рамина Цой Борбордук Азия калыстар корпусунан жалгыз өкүлү болду. Андан сырткары, Цой кыз-келиндер арасында 2022-жылкы U-20 Дүйнө Чемпионатын тейлеген жана ар кандай курактагы Азия биринчиликтеринин тандоо жана финалдык бөлүктөрүндө бир нече жолу калыстык кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM