Биз менен байланышыңыз

Министр: Баткенде элдин милицияга болгон ишеними эң жогору

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 179 | 0

Элдин милицияга болгон ишеними боюнча Баткен облусунда көрсөткүч эң жогору. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдө элдин милицияга болгон ишеними бир кыйла жогорулады. Былтыр элдин милицияга ишеними 25,9 балл болсо, былы 29,2 балл. Жалпы ишеним 3,3 баллга жогорулаган.

«Милицияга болгон ишеним отчётто эмес, элдин жүрөгүндө болушу керек. Коомчулуктун жогорку колдоосуна ээ болуу үчүн, ар бириңиздер жарандардын тынчтыгын сактап, сапаттуу иш-чараларды күчөтүңүздөр. Элдин милицияга болгон ишеними боюнча аймактардан Баткен облусунда бир кыйла өсүп, өткөн жылга караганда 9 баллга жогорулады (былтыр 42,1 болсо, быйыл 48,6га жогорулаган).Таасирдүү жолугушуулар, ар тараптуу түшүндүрүү жана жеринде жардам көрсөтүү иштери жакшы нукка салынгандыктан, Баткен элинин милицияга болгон ишеними жогору болду», — деп кошумчалаган министр.

Ошондой эле ал калган облустар да ушундай даражага жетишүүгө керек экендигин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM